Жарым жыл ичинде коррупциялык мүнөздөгү 767 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта өкмөттүн жыйынында айтылды.
Маалыматка караганда, кылмыш иштеринин 83 пайыздан ашыгы прокуратура, 9 пайызга жакыны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, 6 пайызы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, 2 пайызга жакыны ички иштер органдары тарабынан козголгон.
Алдына ала тактоолорго караганда, катталган кылмыштардын айынан мамлекет 430 миллион 505 миң сом зыян тарткан. Алардын 50 миллион сомго жакыны кайтарылган.