Депутат Турсунбай Бакир уулу акыйкатчы Турсунбек Акундун уулунун дарегине айтылып жаткан сындарды ачыктап, "Акундун уулу Президенттик аппаратта иштейт, ошол эле маалда "акыйкатчынын коомдук жардамчысы" деген бул "жомок" деп билдирди. “Сокулук районунун тургундарынан арыз түшүүдө, алар Турсунбек Акундун уулунун крим дүйнөнүн кишилери менен байланышы бар экендигин айтышууда. Маалыматтарда, бир пенсионер адам каза болуп, Акундун баласы ошол каза болгон адамдын үйүнүн ээси болуп чыгууда. Бул да түшүнүксүз”,- дейт депутат. Ошондой эле депутат бардык арыздарды "Ата Мекен" фракциясынын кароосуна жөнөткөнүн билдирди.