Алдын ала маалыматтар боюнча, 2015-жылдан 2017-жылга чейин бардык булактардан мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоонун жалпы суммасы 120 миллиард 985 300 сомду түзөт.
Муну менен бирге зайымдардын жана гранттардын эсебинен тышкы каржылоонун үлүшү каржылоонун жалпы суммасынын 96,3 пайызын түзөт. Мамлекеттик инвестициялык программалар долбоорлорун кошо каржылоого бул сумманын 3,7 пайызы колдонулат. Бул тууралуу 22-августта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Аталган мезгилде чыгашалардын басымдуу бөлүгү же 91,1 пайызы экономика секторуна (энергетика, транспорт, айыл чарба, сугат, айылды суу менен жабдуу) туш келет. Ал эми социалдык секторго чыгашалардын жалпы көлөмүнүн 4,9 пайызы бөлүнөт.