Ырчы Аваз Акимов ушул жылдын август айынын аягында Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибизге 3 күн жеке концертин берип кайтты. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 2-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Санкт-Петербург шаарына жеке концертимди берип, көрүүчүлөрүмдү кубантып келдим. Аябай жакшы кабыл алышты. Мени менен башка ырчылар барган жок, өзүм жалгыз ырларымды сүйүктүү угармандарыма сунуп, сагынычтарын таратып келдим. Улуу байкелер урмат-сыйын көргөзүштү. Ал жактагы кыргыздар ынтымактуу экен. Патриот жигиттер 31-август - Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө атайын футбол уюштурушуп, байрагыбызды желбиреттик. Футболду мен кошо ойноп, “Мыкты оюнчу” деген грамотага ээ болдум. Унутулгус сапар уюштуруп берген Бекмырза деген байкеге ыраазычылык билдирем. Негизи, уюштуруу тобу концерт берер алдында жердештерибизден сурамжылоо жүргүзөт экен. Менин чыгармачылыгымды жакшы көрүп уккандардан билдирүү көп түшүп, бул сапар мен чакырылыптырмын”,- дейт Аваз Акимов.