Бүгүн, 22-августта вице-премьер-министр Эльвира Сариева Социалдык фонддун Бишкек шаардык башкармалыгына барып, жарандардын жеке камсыздоо эсебинен көчүрмө бастырып чыгаруу ишке ашырыла баштаганы менен таанышты.
Вице-премьер-министр жарандардын жеке камсыздоо эсебинен көчүрмө бастырып чыгаруу ишинин башталышы өз кардарларын сервистик жактан тейлөө жаатындагы бир кадам алга жылуу катары саналарын айтты.
"Июль айынан тарта жарандар мындай мүмкүндүккө ээ боло баштаган. Белгилей кетчү нерсе, мыйзамда каралып, жыл сайын жарандарга берилчү жеке камсыздоо эсебиндеги көчүрмөдө иш орду, айлык акысы жана Социалдык фондго жүргүзүлгөн төлөмдөр тууралуу маалыматтар камтылат",- деди ал.
Белгилүү болгондой, учурда көптөгөн иш берүүчүлөр Социалдык фонд органдарына тийиштүү төлөмдөрдү жүргүзүшпөйт. Ошондуктан көптөгөн адамдар пенсияга чыккан соң пенсиялык каражатсыз калышууда. Аталган көйгөйдү чечүү иретинде өкмөт ар бир эмгектенген жарандын эсебиндеги топтолгон каражат тууралуу маалымдоочу тутум киргизүүдө. Бүгүнкү күнгө карата Социалдык фонд калкка жарандын жеке камсыздоо эсеби боюнча маалымат бере баштады, жарандар жыл бою эсебиндеги маалыматты кат түрүндө алып турат. Аталган иштер жакында Социалдык фонд тарабынан алынган жаңы техниканын жардамы аркылуу ишке ашырылат.