КРнын Өкмөтү Жалал-Абад облусундагы Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык музейди толук кандуу оңдоп-түзөө иштерине 200 миң сом бөлдү. Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 22-августта министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 18-19-июлда КРнын Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Токтогул районуна иш сапары менен барганда музейди оңдоп-түзөө иштерин тездетүү боюнча тапшырма берген.