19-январда саат 01:25 чамасында Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылындагы М.Бапаков көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыгып, бактыга жараша эч ким каза болгон жок. Бул тууралуу Нарын райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмү кабарлады. Окуя боюнча: Бул күнү 2 баласын үйгө кароосуз калтырып, ата-эне шаарга жумуштап кетишкен. Бөлмө ичинде электр меши сайылып турган калыбында балдар уктап калышкан. Түндө чыңалуудан улам мештен от тутанып, үй ичин түтүн каптаган маалда балдар ойгонушуп коңшуларын жардамга чакырган. Бирок алар келгиче үй ичин жалын каптап кеткенин айтышты өрт өчүрүүчүлөр. Учурда өрттүн айынан келип чыккан материалдык чыгымдар эсептелүүдө.