Валерий Диль Аламүдүн районундагы "Чакан ГЭС" ишканасы баа саясатын өзгөртүшү керектигин айтты

Бүгүн, 22-августта Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Диль иш сапарынын алкагында "Чакан ГЭС" ишканасында болуп, Лебединовкадагы гидроэлектростанция жана гидроагрегаттардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Лебединовка ГЭСин карап чыгууда Валерий Диль кышкысын анын электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча кубаттуулугун жогорулатуу тапшырмасын берди.

"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директору Туратбек Ибраев вице-премьер-министрге ишкананын жылдык орточо кубаттуулугу жана аны өнүктүрүү стратегиясы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, өлкө ичиндеги электр энергиясын сатуу 6 ай аралыгында 58 миллион 947 миң киловатт-саатты түзгөн. Жарым жыл ичинде ГЭСтин электр энергиясын иштеп чыгуу кубаттуулугу кескин кыскарган. Бул суунун агып кирүүсүнүн азайышына байланыштуу орун алган.

"Электр энергиясын иштеп чыгуунун төмөндөөсү 2010-жылдан тарта башталган. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 16 пайызга төмөндөө байкалган. Эгерде 6 айга карата иштеп чыгуу планы 80,4 миллион киловатт-саатка барабар болсо, анын иш жүзүндөгү иштеп чыгуусу 70,7 миллион киловатт-саатты түзгөн, аткаруу көрсөткүчү 88 пайызга барабар",- деди Туратбек Ибраев.

Андан соң Валерий Диль энергетика жаатындагы саясатты бириктирүү максатында мамлекеттик корпорация түзүү тууралуу концептуалдуу идеяны сунуштап: "Чакан ГЭС" ишканасынын мүмкүндүгү чоң, бирок баа саясаты инвестицияларды тартууга мүмкүндүк бербей жатат. ГЭС башка акционердик коомдордой эле иштеши керек, баа саясаты өзгөрүшү кажет, активдер менен иштеп жана өнүгүү үчүн жолдорду издөө керек",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан