* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Кемин районундагы Боом капчыгайына кире бериште 1916-жылы Үркүндө шейит кеткендерге арналып тургузулган айкелдин салтанаттуу ачылышы болгон. Айкел Бишкектеги үй куруучулар жамаатынын 250 миң сом каражатына курулган.
1916-жылкы Үркүндө шейит кеткендерди эскерүү максатында тургузулган эстеликти ачууга КРнын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият министри Султан Раев баштаган бир топ расмий жетекчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын чет жакасындагы 43 жаңы конуштун тургундары жана жергиликтүү эл катышкан. Эстеликти ачуу Үркүндө шейит кеткендердин арбагына багышталган куран окуу менен коштолгон.

* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы атактуу ырчы
Анна Герман каза болгон. Ал 1936-жылы Өзбекстандын Үргөнч шаарында төрөлгөн. Атасы Ойген Герман менен апасы Ирма Мартенс көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Анна жаңыдан басып калганда эсепчи кызматын аркалаган атасы 1937-жылдагы репрессияга кабылып, алгач сүргүнгө айдалып, кийин атылып кеткен. Ырчы 1980-жылы ракка кабылганын билген. Оорусуна карабай Анна Герман Австралияга гастролго барган. Кайтып келери менен ооруканага жаткан Германга үч оор операция жасалып, бирок ийгиликтүү болбой, 1982-жылы 46 жашында көз жумган. Легендарлуу ырчынын сөөгү Варшавага коюлуп, өзү менен кошо музыкалык ачкыч жана ноталары да көмүлгөн.

* Мындан 29 жыл мурун, 1985-жылы
Америка-Франциянын биргелешкен экспедициясы Атлантика океанынан “Титаниктин” калдыктарын тапкан. Дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң чоң жана эң кымбат кеме Саутгемптон-Нью-Йорк багыты боюнча 1912-жылы 10-апрелде өзүнүн алгачкы жана акыркы сапарына чыккан. Кемелердин падышасы “Титаник” Түштүк Ирландияда мыкты куруучу, инженер, дизайнерлер тарабынан курулган. Лайнердин узундугу 275 метр, салмагы 46 миң тонна болгон. 4 зор мордун ар биринин бийиктигин 11 кабат үй менен салыштырууга болот. Кеменин ылдамдыгы 50 жылкынын кубатына барабар.

* Мындан 84 жыл мурун, 1930-жылы англиялык жана америкалык актёр
Шон Коннери Шотландиянын Эдинбург шаарында туулган. "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, "BAFTA" сыйлыгынын эки жолку ээси, "Алтын глобус" сыйлыгынын үч жолку лауреаты Шон Коннери 70тен ашуун тасмада роль жараткан. Алардын ичинде Ян Флемингдин чыгармасынан улам тартылган 7 тасмада (тартылган жылдары - 1962, 1963, 1964, 1965, 1967, 1971, 1983) Шон Коннери Жеймс Бонддун образын жараткан.