
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы
Өмүрбек Текебаев мамлекеттик кызматкердин этикасы туурасында маселени көтөргөн. Ал айрым чиновниктер коомдук репутациясы шектүү адамдардын той-топуруна катышып, мамлекеттик кызматчынын наркын кетире баштаганын айткан. Анын бул маселеге кайрылышына "криминалдык шектүү элементтердин Ысык-Көлдө өткөргөн тоюна мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышты" деген сөздөр себеп болгон.

* Мындан 6 жыл мурун,
2008-жылы Бишкек-Тегеран каттамы боюнча жол алган Боинг-737 учагы жерден 1000 метр көтөрүлгөндөн кийин ылдый көздөй кулаган. “Итек Эйр” компаниясына таандык Боинг-737 учагы Бишкектен Ирандын Тегеран шаарына багыт алган. Учак бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин 10 мүнөт өткөндө техникалык бузулуулар тууралуу экипаждын командири “Манас” аэропортуна билдирүү жасап, конууга уруксат алган. Бирок жерден 1000 метр көтөрүлгөн учак конууга үлгүрбөй, жерге катуу урунуп, учактын куйрук жагы жалындап күйө баштаган. Андан соң катуу жарылууга учураган. Бортто бардыгы 90 адам болгон. Кыргызстандыктардын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Билал Чыныбаев, Бахтияр Кадыров, 17 адамдан турган баскетбол боюнча спортчулар командасы болгон. Кырсык катталардан 2 саат мурун Боинг-737 Москвадан учуп келген. Самолёттун жарылуусунун кесепетинен 68 адам каза таап, аман калган 22 адам жергиликтүү ооруканаларга жеткизилген. Каза болгондордун ичинде Иран, Канада, Түркия, Казакстан, Кытай жана КРнын жарандары бар болгон.
* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы Кыргызстандын алгачкы космонавты, КРнын жана Орусия Федерациясынын Баатыры, космонавт
Салижан Шарипов Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. Харьковдогу жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун бүткөн соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган. 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан “Шаттл STS Endeowor” космос корабли менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон Шак деген ысым алган.