Аламүдүн районунун Кой-Таш айылына караштуу тоо өрттөнүүдө
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айыл аймагында тоодон өрт чыкты. Жергиликтүү тургундар SUPER.KG порталына кабарлагандай, табият кырсыгы бүгүн, 22-августта катталды. Маалыматка таянсак, өрт чыккан тоо Кой-Таш айылынан 5-6 чакырымдай алыстыкта. Азырынча жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чара көрүлө элек. Жалын тоону каптап, улам аянтын кеңейтүүдө. Тургундар бул тоо тараптан бир аптадан бери түтүн чыгып келгенин айтышууда. Өрттүн себеби азырынча тактала элек.
Шашпай орттонобергиле. Биздин МЧС кышында барып калса керек.
+4
jasi
2014-08-23 09:18:49
Секин бара бергиле, тоо куйуп бутоордо барсанар да болот урматтуу МЧС
+1
netsa
2014-08-23 11:02:44
Эч коркпогула! Куз келди,жаан-чачын болсо очуп калаары бар чыгар ))).Ортту очур десенер,шылтоо таппай турган шылуундар дагы бир нече миллиондун башын жутат.
+1
Jonaruk
2014-08-23 12:04:22
мен аны 22 синде койташтан коргом ал убакта сьемка кылып аткам тоо жакты карасам ылдыйкы жери кичине эле тутун чыгып жаткан аны мен ойлогом бироо жарым ортогонго куураган чопту деп койгом 23 тундо шаардын ичинен корунду бул орт аябай жаркырап
0
Frunze1
2014-08-23 14:28:31
Тоо куйуп жатабы же тоодогу токойбу же шалбаабы? Тоо десенер таштан турган жалама аскалар эске тушот... 1 жумадан бери орттонуп жатса, МЧС менен бийлик уктап жатса баракелде, бийликтин оперативдуу иштегенин эч ким уга элек... Туура айтышат, баары куйуп буткон сон барып кабар алып келишет, барганда да эмне, шлангалары тешилген, машинелери журбойт, айтып не керек... Балким МЧСтин жоюлганы ондур, пайдасынан зыяны, чыгашасы коп болгону учун...
0
arisim
2014-08-23 15:14:58
Frunze1, тура туура айтасын
0
aslan_akjol89
2014-08-23 16:34:29
18-августта эле тутоп жаткан.22-августта катталган имиш.
0
aida2013
2014-08-23 18:40:27
а суперчилер тартып келбейсинерби кандай куйуп жатканын........
0
Boldukan86
2014-08-23 19:39:40
башка мамлекет болгондо орттонмок эмес тутун чыкканда эле барып тактап очуруп келмек. буларда андай нерсе кагаз турундо эле бутот практикага даяр эмес алы. план кылгыча тоо орттонуп бутот.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.