Нарын. Нарын шаардык салык кызматынын жетекчилиги жылдык отчёт берип, берилген план 101 пайызга аткарылганын билдирди

Бүгүн, 22-январда Нарын шаардык Салык кызматынын жетекчилиги  жылдык отчётторун тапшырышканын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.  

Нарын шаардык салык инспекциясынын жыйындар залында шаар мэри Б.Жээналиевдин катышуусунда 2012-жылы салык тармагындагы аткарылган иштер боюнча Салык кызматынын жетекчиси К.Насирдинов маалымат берди. Анын айтымында, 2012-жылы салык чогултуу иштери 101 пайызга аткарылды. 

Шаар мэри шаардык салык башкармалыгынын 2012-жыл ичинде аткарган иштерин канаттандырарлык деп таап, жалпы Салык кызматкерлеринин иштерине ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан