"Коррупцияга каршы пассивдүү күрөш жүргүзгөн жетекчилерге катуу чаралар көрүлөт" деди Жоомарт Оторбаев

Өкмөт үйүндө 22-августта өткөн жыйында өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүү иш планынын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышы талкууланды. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев коррупцияга каршы күрөшүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу зарыл экенин белгиледи.

"Коррупциялык схемалар экономиканын өсүшүнө олуттуу таасир этүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жылдын биринчи жарым жылдыгында укук коргоо органдары тарабынан 767 кылмыш иши козголгон. Келтирилген зыяндын суммасы болжол менен 430 миллион сомдон ашык. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде 710 кылмыш иши козголуп, зыяндын суммасы 306 миллион сом болгон. 430 миллион сомдун 49 миллионунун гана орду толтурулду. Бул көрсөткүч айсбергдин калдыгы гана. Укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүүдө пассивдүү иштеп жатышат. Коррупциялык схемалар менен пассивдүү күрөшкөн мамлекеттик органдардын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт",- деди Жоомарт Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан