Кышка даярдыкты текшерүү үчүн Абдырахман Маматалиев Баткенге учуп кетти

Бүгүн, 23-августта вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев күз-кыш мезгилине карата райондук, облустук штабдардын даярдыгын текшерүү үчүн Баткен облусуна учуп кетти. Эскерте кетсек, 2014-жылдын 6-августунда өкмөт башчынын жарлыгы менен күз-кыш мезгилине даярдыктын абалына мониторинг жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Маматалиев Баткен шаарында жыйын өткөрмөкчү. Ага министрликтердин, мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышарын өкмөттөн кабарлашты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан