"Курманжан датка" тасмасы ишемби күнү Монреалдагы бүткүл дүйнөлүк кинофестивалда жана Орусиянын Якутск шаарында өткөн кинофестивалда көрсөтүлдү.
Тасма көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштолду. Бул тууралуу 23-августта
SUPER.KG порталына тасманын продюсери
Фархад Бекмамбетов билдирди.
"Монреаль кинофестивалындагы дүйнөлүк премьерасына улай "Курманжан датка" бүгүн Эл аралык Якутск кинофестивалында да көрсөтүлдү. Премьерасы аябай жакшы өттү. Бул жакта эмгектенип жүрүшкөн жердештер келип көрүп кетишти. Кубанычтары койнуна батпаган мекендештерибиз ыраазычылыктарын айтышты. Бир чети көздөрүнө жаш алышканын айтып, ушундай киносу бар кыргыз болуп төрөлгөнүбүзгө сыймыктанабыз деп кетишти",- деди Фархад Бекмамбетов.
Орусияда көрсөтүлгөндөн кийин Ходжакули Нарлиев баштаган калыстар тобунун, Орусия киносунун жетекчилеринин, режиссёрлордун, продюсерлердин, фестивалга ар жактан келген бир топ кино сынчылардын кол чабуусу кино жаратуучуларга кошумча дем болору бышык.
Монреалдагы фестивалда да тасма көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынганы тууралуу режиссёр Садык Шер-Нияз: "Көрүүчүлөр ордунан туруп кол чабышты. Зал толо болду. Тасманы көргөнү кыргыздар да келишти, Америкадан да келишти. Чоң-чоң гезиттер жазып чыгышты",- деп билдирди. "Курманжан датка" тасмасы тууралуу макаланын Монреалдагы көрүнүктүү гезитке жарыяланышы сыймыктанууну жаратпай койбойт. Монреаль кинофестивалы 21-августтан 1-сентябрга чейин Канадада өтөт.
Белгилей кетсек, 3 жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулат. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Башкы ролдордо: Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы. Кыргызстанда тасманын бет ачары 31-августта болот.