КРнын Өкмөтүнүн расмий сайты www.gov.kg учурда белгисиз себептерден улам иштен чыгып турат. Бул шилтеме аркылуу кадимки сайт эмес, чет элдик валюталар курсу боюнча анализдеген FOREX`тин сайты ачылууда. “Сайтка болгон чабуул боюнча так маалымат азырынча жок” деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматынан.