Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Үч-Терек айыл аймагында 23-август күнү Хонда Одиссей жана Хонда Степвагон унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен 6 адам каза таап, дагы 6 адам ооруканага жеткирилген.
Айрым күбөлөрдүн айтымында, ошол учурда Хонда Одиссей унаасын 63 жаштагы айым башкарып бара жаткан. Ал унааны баласынан талашып, 10 мүнөттөй гана айдап, анан каршысындагы унааны сүзгөн.
Каза тапкандар:
1. 1951-жылы туулган Иноят Аматова. Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу.
2. 1972-жылы туулган Умида Сапарова.
3. 1,5 жаштагы наристе.
4. Ооруканада дагы бир адам каза болгон. Учурда анын аты-жөнү такталууда.
5. Чынара Анарбекова.
6. 1958-жылы туулган Талантбек Усунбаев.
Жабыркагандар:
1. 1997-жылы туулган жаран. Аты-жөнү такталууда.
2. 2006-жылы туулган Кубатбек кызы Тумар.
3. 1993-жылы туулган Жылдызбек Нурдинбеков.
4. 1995-жылы туулган Мамат уулу Бектурсун.
5. 1968-жылы туулган Айнура Оморова.
6. 1998-жылы туулган Өмүрали кызы Химина.