Жумгал районундагы Баш-Кууганды суусуна чөгүп кеткен 16 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 21-август күнү саат 12:00 чамасында Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагындагы Баш-Кууганды суусуна 1998-жылы туулган Күрүчбек Камчыбеков чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине суучулдар тартылып, чөгүп кеткен баланын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.