23-августта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Кара-Кыя тоосунда чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өрт чыккан күнү өрт өчүрүү иштери башталган. Кийинки күнү өрттү өчүрүүгө аталган мекеменин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 32 куткаруучу, Аламүдүн райондук №1-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 23 өрт өчүрүүчү, Ысык-Ата райондук №27-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 өрт өчүрүүчү, жергиликтүү тургундардан 10 адам, КР Коргоо министрлигинин №73809-аскер бөлүгүнөн 53 аскер жана ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынан 5 адам тартылып иш жүргүздү, өрт толук өчүрүлө элек.
"Күнү-түнү нөөмөт уюштуруу үчүн 2 даана 10 орундуу чатыр орнотулган. 24-25-августтагы нөөмөттү КРнын ӨКМнын Ысык-Ата районунун Өрткө каршы кызматынын 6 өрт кызматкери, Арашан айыл аймагынан 6 адам жана медициналык "Тез жардам" бригадасынан 3 адам өткөрүштү. Өрт өчүрүү иштери бүгүн да улантылууда",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.