Сокулук районунда баалуу буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя боюнча: Сокулук районунун милиция бөлүмүнө 13-январда болжол менен саат 18:00дөр чамасында белгисиз бирөөлөр үйүнө кирип баалуу буюмдарын уурдап кеткендиги тууралуу арызы менен 22 жаштагы Сокулук айылынын тургуну Т.А. аттуу жаран кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Сокулук РИИБи тарабынан мурун соттолуп чыккан жергиликтүү тургун К.Е. кармалды. Учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.