Бразилияда волейбол боюнча Дүйнө чемпионуна ыйгарылуучу кубок уурдалды

23-август күнү Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугун уткан командага ыйгарылуучу кубок белгисиз адамдар тарабынан уурдалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, кубок волейбол спортун жайылтууга багытталып, 4 чакырым келген Копакабана жээгинде уюшулган акциянын жүрүшүндө уурдалган. Аны Бразилияда өтүп жаткан "Гран-Приге" байланыштуу алып барышкан. Уурулар аны унаа токтотуучу жайдан алып кетишкени айтылууда.

Бразилиянын спорт ишмерлери кубокту жасоодо кымбат баалуу асыл таштар колдонулбаганын айтып, кымбатка турбасын белгилешти. Ошол эле учурда уурулардан бразилиялыктардын волейболго болгон сүйүүсүн далилдөө үчүн кубокту кайтарып берүүнү суранышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kursantbek
2014-08-25 09:54:46
хе хе бар екенгоо уурулар))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан