Кыргызстандык зыяратчылар ажылык сапарга “FlyDubai” авиакомпаниясынын учагы менен учушмакчы болду. Муну бүгүн, 25-августта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"FlyDubai" авиакомпаниясы Кыргызстандан ажылыкка баруучуларды Дубай аркылуу алып барып, алып келет жана учактын баасы келишим баада 1300 АКШ долларын түзөт.