Ош - Бишкек унаа жолунда Субару үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, 1 адам каза болду

Бүгүн, 25-август күнү саат 01:48 чамасында Ош – Бишкек унаа жолунун 455-чакырымында Субару үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай 60 метр жардан кулап кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркагандарды ооруканага жеткиришкен. Ал эми жол кырсыгынан каза болгон 1 адамдын жансыз денеси Таш-Көмүр шаардык өлүк кармоочу бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 25-августта билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chingizhan01
2014-08-25 14:26:35
Кудай сактасын, акырын эле айдабайбы.
0
Nuri-Alina
2014-08-25 18:53:01
кудай сактасын акырын эле айдашса болотко бир саат алдын болбосо бир саат кийин барат ошол жерине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан