Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын мэри
Мамбет Койчиевге ири суммадагы пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура билдиргендей, шаар башчысы "Кетмен-Төбө айыл аймагында монтаж иштерин жасаган ишкерге эмгек акы которуу үчүн пара талап кылган" деп күнөөлөнүүдө. Айта кетсек, 22-августта Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен ИИМдин башкармалыктары ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү маалында Кара-Көл шаарынын башчысын кармашкан. Ал 1000 доллар алып жаткан учурда иш бөлмөсүнөн
колго түшкөн эле. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.