Бишкекте 26 жаштагы жаран көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап, аман калды

Бишкекте 26 жаштагы жаран көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап, аман калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык куткаруу кызматынан бүгүн, 25-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 24-август күнү түшкө маал Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан №6-үйдүн 8-кабатынан 2-кабатка 1988-жылы туулган Дмитрий Гусенко кулап түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын эмне себептен 8-кабаттан кулап түшкөнү такталууда. Жабырлануучунун колу-буту сынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zman53
2014-08-25 11:45:59
Бирдеме талашып,аялы туртуп жиберген го.
0
KG_Beka_KG
2014-08-25 11:50:09
Кудай сактаптыр!
0
emirlan
2014-08-25 13:46:45
Narkamanda boluwu mumkun
0
jasi
2014-08-25 14:54:59
Кудай сактай коор. Бирок жаны бышык экен ээ ).
Тамашаа антсе, ажалы жетпептир да, болбосо 3-кабаттан кулап деле олуп калып жатышпайбы
0
pepe-lolo
2014-08-25 16:28:01
аман калганына суйунсун да ))
0
ayakosya
2014-08-25 17:44:36
Оруска эчнерсе болбойт
0
kipchak
2014-08-25 17:45:08
Чегип алып "учкусу" келсе керек да...
0
asiana
2014-08-26 09:26:16
Негедир мас адам кырсыктарда аман калат кобунчо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан