Бишкек-Торугарт унаа жолундагы автокырсыктан 1 адам каза болду. Окуя 20-январда саат 16:20лар чамасында орун алган. Бишкек-Торугарт унаа жолунун 104-чакырымында Мицубиси-Галант унаасы менен Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, кырсыктан Жигулиде бара жаткан 15 жаштагы С.Ч. аттуу жаран каза тапты. Чүй облусунун ИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей жаракат алган 6 жүргүнчү ооруканага жеткирилди.