Бишкекте 17 жаштагы кыз уурулукка шектелип кармалды

Бишкекте 17 жаштагы кыз уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди. Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Эрлан аттуу тургунунун үйүнө белгисиз адамдар уурулукка кирип, баалуу буюмдарын, анын ичинде 38 миң сомго бааланган уюлдук телефонун алып кетишкен. Бул тууралуу милицияга кабарланып, ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Нурпери аттуу кыз кармалган. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dasmond
2014-08-25 14:14:59
Мен таааныган Нурпери болбосо экен ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан