Жусупжан Жээнбеков: "Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы боюнча 4 миллиард сомго гана жооп берем"

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекциясынан 6 миллиард сомду жеп койду” деген айыптоого кошулбайм. Андай акчанын өзү мамлекеттик дирекцияга түшкөн эмес”,- деди Жалал-Абад облусунун башчылыгынан убактылуу четтетилген Жусупжан ЖээнбековАнын айтымында, мамлекеттик дирекция тарабынан акча маселесинде катачылык кеткен эмес.

2010-жылдагы окуяларды билесиңер, ал жерде менин кетирген катам - үйлөрдү тез арада бүткөрүү үчүн шыбагы кургай электе иш уланып кеткендиги. Ал эми депутаттар айтып жаткан 6 миллиард сом дегендин өзү бир вагон акча болот. Андай акча дирекцияга келген эмес. Мен бир гана 4 миллиард 600 миллион сомго жооп берем. Ошонун ар бир сомунун отчётун бере алам”,- дейт Жээнбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан