Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан ИИБ, ШРИИБ ардагерлери «Мекеним менин Кыргызстан!» долбоорунун алкагында спорттук мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда волейбол, шахмат жана аркан тартыш оюндары боюнча 5 команда мелдешип, 1-орунду Ноокен РИИБинин ардагерлери, 2-орунду Сузак РИИБинин ардагерлери, 3-орунду Жалал-Абад ОИИБинин ардагерлери камсыз кылышып, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Сыйлыкты Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тапшырышты. Андан кийин Жалал-Абад ОИИБинин бөлүм башчыларынан түзүлгөн курама команда менен жалпы милициянын ардагерлеринен түзүлгөн курама команда волейбол оюну боюнча жолдоштук беттеш өткөрүштү.