Кыргыз тилинде жазылган көрнөк-жарнактардагы каталар үчүн тийиштүү компанияларды жоопко тартуу сунушталууда

Депутат Бөдөш Мамырова кыргыз тилинде жазылган көрнөк-жарнактардагы каталар үчүн тийиштүү компанияларды жоопко тартууну сунуштады. Мындай билдирүүнү эл өкүлү бүгүн, 22-январда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында айтты. Көрнөк-жарнактарды көзөмөлдөгөн бир да орган жок экенин айткан депутат буларды кошумчалады: “Эгер жарнактарда сөздөрдү кыргызчага которууда катачылык бар деп чечилсе, мамлекеттик тил боюнча комиссия түзүлөт. Күнөөлүү тарап административдик жоопкерчиликке тартылышы керек”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан