«Ош Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине велосипеддер тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындан ары аталган ишкананын кызматкерлери көчөлөрдөгү таштанды төгүүчү жайлардагы чачылган таштандыларды көзөмөлдөшөт.
«Ош Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчилиги тарабынан кызматкерлерге түрдүү шарттар түзүлүп, алардын эмгегин эске алуу менен 12 даана велосипед берилди.