Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурунку директору Байгазы Кенжебаев 2013-жылы 46 771 сом маяна алган

КРнын Мамлекеттик кадр кызматы көрсөткөн декларацияда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Байгазы Кенжебаевдин 2013-жылы 46 771 сом айлык маяна алганы жазылат. Андан тышкары ал 800 чарчы метр аянттагы курулуш иштери бүтө элек имаратка ээлик кылат.

Ал эми анын жакындары ишкердиктен 677 100 сом, башка булактардан 4 миллион сом табышкан. Ошондой эле 188 чарчы метр келген административдик имаратка жана 101 чарчы метр аянттагы турак үйгө ээлик кылышат. Туугандарынын мүлктөрүнүн катарында Лексус GX460 автоунаасы көрсөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, Байгазы Кенжебаев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директорлук кызматка 2012-жылдын башында дайындалып, 2013-жылдын апрелинде бошотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан