Акыркы күндөрү абанын температурасы 39-40 градуска чейин жетүүдө. Бул акыркы 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.
Маалыматка караганда, мындай аба ырайы айрым жерлерде өрт кырсыктарынын болушуна шарт түзүүдө.
Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевдин билдирүүсү боюнча, 2014-жылдын 26-августунан 28-августуна чейин аба ырайы бир аз төмөндөп, 29-августтан баштап кайра кескин ысык болуусу күтүлөт.
“Мындай кургак аба ырайы сентябрь айында да уланары күтүлүүдө. Андыктан жергиликтүү бийликтер, токой чарба жетекчилери, Айыл чарба министрлигинин тиешелүү кызматтары талааларда жана токойлордо өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүсү керек”,- дейт Зарылбек Итибаев.