Ысык-Ата районунун 24 жаштагы эки тургуну “никеге турууга мажбурлоо” беренеси боюнча кылмышка шектүү делинип кармалды

Ысык-Ата районунун 24 жаштагы эки тургуну “никеге турууга мажбурлоо” беренеси боюнча кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 24-август күнү саат 15:00 чамасында Аламүдүн районунда белгисиз эки жаран 1993-жылы туулган кызды жана 1997-жылы тууган сиңдисин күч колдонуп унаага салып кетишкен. Бул тууралуу милиция кызматкерлерине окуянын күбөлөрү кабарлашкан. Андан көп өтпөй жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан шектүү унаа токтотулуп, ичиндеги 24 жаштагы эки жаран кармалган. Алардын айтымында, тааныш кызын ала качышкан. Жанында 17 жаштагы сиңдисин да кошо унаага салып алышкан. Учурда бул боюнча “никеге турууга мажбурлоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
beka88
2014-08-25 16:19:21
огоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан