Кара-Суу районунун жооптуу кызматкерлери дарыкана курула турган жерди жарандарга мыйзамсыз берип салган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, аталган райондун Шаар куруу жана архитектуралык башкармалыгынын, Райондук кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын кызматкерлери жер жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен 4 жергиликтүү жаранга социалдык имарат (дарыкана) курулуучу жерди менчикке берип салышкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.