Абхазиядагы президенттик шайлоодо оппозиция лидери жеңишке жетишти

Абхазияда кечээ, 24-августта өткөн президенттик шайлоодо оппозиция лидери Раул Хажимба (сүрөттө) жеңишке жетти. Өлкөнүн шайлоо комиссиясы бюллетендер 100 пайызга эсептелип бүткөнүн билдирди.

Хажимба добуштардын 50,57 пайызын жыйноого жетишсе, анын негизги атаандашы Аслан Бжания 35,91 пайызын алган. Үчүнчү талапкер катары Мираб Кишмария 6,4 пайыз, төртүнчүсү Леонид Дзапшба 3,4 пайыз добуш жыйнады.

Жеңилүү ызасын тарткан талапкерлер шайлоо таза эмес өткөнүн айтышып, шайлоо комиссиясына арызданышууда. Буга чейин президенттикке талапкерлер Абхазиядагы саясий системди реформалоо боюнча макулдашууга кол коюшкандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан