31-августта Бишкекте КРнын Эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата чуркоо боюнча жарыштар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара КРнын Илимдер академиясынын Ботаникалык сейил багында (Шабдан баатыр – Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде) орун алат. Чогулуш жана каттоо саат 8:00дө башталат. Ага спорттун ардагерлери, студенттер жана окуучулар катыша алышат.