Сокулук районунда 3 ай мурун табылган жансыз дененин өздүгү такталбай жатат

Үстүбүздөгү жылдын 19-майында Сокулук районунун Фрунзе айылында европа улутундагы, жашы 45-50 чамасындагы адамдын жансыз денеси табылган. Бүгүнкү күнгө чейин анын өздүгү тактала элек. Мындан улам Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы өздүгүн тактоого жардамдашууну өтүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, маркум кара түстөгү классикалык шым кийип жүргөн.

Эгер бул адам тууралуу билгендер болсо, (03134) 5-33-80, 0554 49-25-28, 0772 67-30-21 номурлары аркылуу байланышып койсоңуздар болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chomly88
2014-08-26 04:50:01
Кудай озун сактай кор...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан