Бишкекте 10 жана 12 жаштагы эки бала “унаалардын белгилерин уурдаган” деп шектелип кармалды

Бишкекте 10 жана 12 жаштагы эки бала “унаалардын белгилерин уурдаган” деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал үйүнүн жанында токтоп турган Мерседес үлгүсүндөгү унаасынын белгисин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөөлөр жүрүп, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан 12 жаштагы Урмат жана 10 жаштагы Аскар кармалган. Алар мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда Райондук ички иштер башкармалыгына алынып келиништи. Алардын мындан башка дагы ушуга окшогон фактыларга тиешеси бар экени аныкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulzhan
2014-08-25 20:50:19
Биз дагы былтыр 2 жолу уурдатканбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан