Бүгүн, 25-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда “Кыргыз алтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун иши боюнча сот отуруму болду. Анда жактоочусу судьядан айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды. Бирок судья Абдуразак Боромбаев ал өтүнүчтү кабыл алган жок. Андан соң сот иши 28-августка жылдырылды.
Эске сала кетсек, Дилгер Жапаров “Кумтөр” ишканасынан 200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен” деп айыпталууда. Ал үстүбүздөгү жылдын май айында кармалган. Учурда №1-тергөө абагында отурат.