“1+1=3” тасмасынын режиссёру жана “Салам, Бишкек!” тасмасында роль жараткан таланттуу жигит Сапар Сайназаров белгилүү америкалык актёр Марк Аллан Дакаскос менен бир тасмага тартылууда. Бул тууралуу ырчы Айпери Сыдыкова бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына билдирди.
Москва шаарында тартылып жаткан “Дело Батагами” аталышындагы сериалдын режиссёру - Оксана Сидоренко. Анда Сапар Марк Дакаскостун баласынын ролун жаратат. Тасмада ал каза тапканда атасы душмандардын изине түшөт.
Мындан тышкары бул тасмага Игорь Жижикин, Алексей Чадов өңдүү орусиялык актёрлор да тартылууда.
“Сапар Москвага кеткен. Кастинг аркылуу өтүп, тасмага тартылып жаткан досумдун ийгилигине кубанып жатам. Анын тасмадагы каарманы каза болгондуктан, Сапар 5 сериялуу тасманын 1 сериясына тартылат экен”,- дейт Айпери Сыдыкова.