Бишкек шаарында тепловоз 28 жаштагы айымды сүзүп кеткен

Бишкек шаарында тепловоз 28 жаштагы айымды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришкен.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул факты боюнча экспертиза дайындалып, күбөлөр суралганын айтат.

“Бул кырсык 15-август күнү саат 11:00 чамасында Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсү менен Тынчтык проспектинин кесилишинде болгон. Анда тепловоз 1986-жылы туулган европа улутундагы айымды сүзүп алган. Ал ошол жерде жан берген. Маркум ошол аймакка жакын жердеги тигүүчү цехтердин биринде иштечү. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда”,- деп ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев бүгүн, 25-августта билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан