Министр Алиясбек Алымкуловдун аялынын жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Министр Алиясбек Алымкуловдун аялынын жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, министр Алиясбек Алымкуловдун жубайы башкарып бара жаткан унааны жол-кайгуул кызматкерлери токтотушкан. Ал жерден кандайдыр бир себептерден улам ортодо пикир келишпестик келип чыгып, министр А.Алымкулов да ага аралашкан.

22-августта эмгек жана миграция министри Алиясбек Алымкулов менен ички иштер министри Абдулда Суранчиевдин ортосунда аталган окуя боюнча кайым айтышуу орун алган болчу. Ал боюнча министр Суранчиев: “Бир апта мурун жол эрежесин бузганы үчүн МАИ кызматкерлери Алымкуловдун аялын кармашкан. Ал (ред.А.Алымкулов) мага телефон чалды. Мен Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевге чалып, кырдаалды териштирүүнү тапшырдым. Тил табыша албай калган өңдүү",- деген оюн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
ayakosya
2014-08-25 18:03:05
Министр болсо эле балее басыппы? Алымкулов аялына алы жетпей министр башы менен "эркекче суйлошолу " дегени эмнеси. Аялын башкара албаган элди башкара алабы? Алымкулов укугун ашыкча пайдаланып жатат.
+6
kuba.kq8705
2014-08-25 18:12:14
aliasbek myrza myizam 4eginde joop bersin ayalyn emne keregi bar ministir bawyn menen korupsiaga aralawkandyn
+1
Alicia
2014-08-25 18:38:57
Aliasbek myrzanyn ayalynyn aty jok beken a?
+4
guzatkubaanvar
2014-08-25 20:12:38
Баары эле машаяк! Мамлекеттин кызыкчылыгын ушундай коргосо копко барат! Коодону жок!
+1
guzatkubaanvar
2014-08-25 20:16:23
Ушинтип аксакал адамга акаарат корсотуп жатса, бул кантип жаштарга улгу болот! Отставкасын талап кылыш керек! Мамлекеттик жыйында оз кызыкчылыгын которуп жатса! Суранчиев болсо момун адам эки жыл мурун пансионатынан коргом.
+6
Shai
2014-08-26 11:02:33
guzatkubaanvar, Оз кызыкчылыгы болсо да мейли, аялынын кызыкчылыгын которуп жатпайбы.
+1
bema_bema
2014-08-25 22:15:04
Неге ушундай чондордун аялы же баласы деп айтышат.М:Ташиевдин баласы же Алымкуловдун аялы дейт,табылбай эле калат,алардын деле аты фамилясы бардыр бизге окшогон эле адамдар болсо керек,ар бир адам катачылык кетиретда.
0
baiysh0704
2014-08-26 07:02:02
Кенкелес министрлерди иштен алыш керек,бизге улгу боло турган адамдар жумуш ордунда журу эшикке эркекче суйлошобуз дегени эмнеси.Эми ошончо болушуптур уйлоруно барып тошокто эле катынча суйлошо беришсин.
+6
zman53
2014-08-26 09:01:50
Аял киши машина айдаганды жон эле койсо.1-ден жол эрежесин 100 пайыз билбейт,2-ден ишенген "тоосу" бар.Мисалы- Мелис байке,Алиасбек ж.б...
+1
april
2014-08-26 10:54:04
zman53, эми бир эки эле жол эрежесин бузган аялзатынан жыйынтык чыгара берген болбойтко,канчалаган эркектер деле бар, жол эрежесин бузушкан.
0
zman53
2014-08-26 19:09:40
april, Эгерде аял кишинин жол бузганын видеорегизтратор менен тартсам,кунуно болжол менен 100дон ашык видео тартылмак.Бур Факт!
0
djinn
2014-08-26 11:24:10
аялы дагы тилин тартпай сес корсотсо керек куйоом устудо отурат колунардан эмнее келет дегенсип, акылы кемдер............... дагы айтайын дейм айдап жиберет банга эхххххх
+1
Tahminam
2014-08-26 12:20:34
Аялына келгенде аябай чычалаптыр бул оз ишинди ошондой так билсен кана
+1
mi-li-na
2014-08-26 13:50:03
ишинен жеген ашы коптор да булар, уят
эле жол тартибин бузсан эл катары айып пул толо да жолуна туш да, мен министрдин катыны элем дебей, а тиги куйоо соройу неге чычалайт...
0
ukombai
2014-08-26 19:07:37
Эмне Алиясбек Мырза Министирлике Аялын коргогону барыптыбы??????
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан