Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы Токсомбаев Мамбет Айдаралиевич каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2014-жылдын 8-июлунан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Тийиштүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Токтом Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна негизделип кабыл алынды.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү 25-августта билдирди.