"Кыргызстанда Социалдык фонддун кызматкерлеринин айлыгы 4,5 - 5 миң сом" деп билдирди Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев. Анын айтымында, быйыл бул тармакта иштегендердин айлыгын 20 пайызга жогорулатуу пландалууда. Айлыктарды көтөрүү 1-июлдан башталып, буга 90 миллион сом жумшалат. Соцфонд кызматкерлеринин айлык акысы 5 жылдан бери жогорулатыла электигин кошумчалады Абылгазиев.