Бүгүн, 26-августта Бишкектин мектеп кызматкерлеринин жыйынында шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова: “Бишкектин мектептери өлкөнүн башка мектептерине үлгү болуп саналат”,- деди.
“Билим берүү системи - коомдун пайдубалы. Билим берүү тармагындагы ийгилик - жалпы мамлекеттин ийгилиги. Демократиялык өлкөнү курууга сапаттуу адамдык ресурстарды даярдоодо силер, мугалимдер, чоң роль ойнойсуңар. Силер буга жол ачасыңар”,- деди ал.
Мындан тышкары вице-мэр мектепте окубай жүргөн балдар тууралуу айта кетти. “Тилекке каршы, бүгүнкү күнү мектепте окубай жүргөн балдар бар. Алардын ата-энелери чет өлкөлөргө мигрант болуп кеткендиги буга себеп”,- деп түшүндүрдү А.Рыскулова.
“Бишкектин мектептери заманбап технологияларды орнотуп келе жатат. Айрым мектептер мындан мыкты пайдаланышууда. Бишкектин окуу жайлары өлкөдөгү мектептер үчүн үлгү болуп саналат. Бул ийгилик силерге таандык”,- деп кайрылды мугалимдерге вице-мэр.