Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

23-август күнү саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө белгисиз айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен 29 жаштагы А.Замир ооруканада көз жумган. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 25-август күнү кылмышка шектүү катары 23 жаштагы К.Станислав кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oken02
2014-08-26 11:54:15
а эмнеге Замир олот а, Сергей же Икром эмес...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан