Бою 257 сантиметр болгон дүйнөдөгү эң узун адам 44 жашында көз жумду

Украинада дүйнөдөгү эң узун адам катары саналган Леонид Стадник 24-август күнү 44 жашында дүйнө салды. Бою 2 метр 57 сантиметр болгон Стадник мээсине кан куюлуп каза тапкан. 

Ал 12 жашка чыкканда баш сөөгүндө залалсыз шишик бар экени аныкталган. Мындан улам акромегалия же сөөктөрдүн чоңоюп кетүүсүнө түрткү берген ооруга чалдыккан. Ага бир нече жолу нейрохирургиялык операция жасалып, 1-топтогу майып болгон. 

Колхоздо ветеринар болуп иштеген Стадниктин кийиминин өлчөмү 70 болсо, бут кийими 62-өлчөмдө болгон. Леонид Стадник дүйнөдөгү эң узун адам катары саналганы менен, расмий түрдө катталган эмес. 

Ал 2008-жылы "Гиннесстин рекорддор китебинин" кызматкеринин боюн кайрадан өлчөө сунушунан баш тарткан. Расмий түрдө бою 251 сантиметр болгон түркиялык Султан Кесен дүйнөдөгү эң узун адам деп эсептелет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
momuntay
2014-08-26 12:39:33
Жаткан жери жайлуу болсун! Алп адамдар эмнегедир ооруулуу болгон учун да ушинтип алп болушат. Кыргыздын эн узуун адамы Женишбекти да шишик басып ооруп журот го. Ага да жардам бериш керек...
+2
KG_Beka_KG
2014-08-26 13:03:14
Женишбектин бою канча экен?
+1
mega.boorsok
2014-08-26 13:50:50
женибектин бою 2метр 30см
+1
jasi
2014-08-26 14:00:31
Ошончо салмакты которуп журуш да оной болбосо керек. Жаткан жери жайлуу болсун!
+1
ayakosya
2014-08-26 17:43:30
Бейиш болсун. Мындай адамга жай казыш кыйын болсо керек.
+1
beka88
2014-08-26 17:56:03
каафыр эч качан бейиш болбойт
-8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан