Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков: "Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу"

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков SUPER.KG порталына бүгүн, 26-августта билдирди.

Анын айтымында, учурда Интернационал айылында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

“Кулунду-Максат унаа жолунун курулушу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлган болчу. Кечээки окуяда көпүрөнү куруу иштерин токтотуу аракети болуптур. Учурда жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”,- деди Жеңиш Разаков.

Эске сала кетсек, кечээ, 25-август күнү Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан