Бүгүн, 26-августта Бишкекте өтүп жаткан мектеп кызматкерлеринин жыйынында КРнын Башкы штабынын полковниги Арстанбек Керималиев окуучулардын саламаттыгынын көрсөткүчтөрү начар болуп жаткандыгын билдирди.
“Бүгүнкү күнү жаштар компьютер оюндарынан чыкпай калышууда. Мындай көрүнүш алардын физикалык жана психикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ошондуктан окуучуларга Совет мезгилиндегидей аскер-патриоттук тарбия берүү керек”,- деди ал.
Мындан тышкары полковник аскерге чакырууда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн башталгыч аскердик билими жок экенин баса белгиледи. “Мектептерде аскерге чакыруу алдындагы даярдоо боюнча сабак берген мугалимдер маяналары аз болгондуктан, ИИМ же күзөтчү кызматтарына кетишүүдө. Буга өкмөт көңүл бурушу керек. Аталган сабакты 9-класстан баштап берүүнү сунуштаар элек. Тилекке каршы, өлкөнүн аймактарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү жазганды жана окуганды билбей жаткандыгын көрүп жатабыз”,- деп кошумчалады Керималиев.